Ky

اَلنِّيَّةُ | Intentions

اَللَّهُمَّ إِنِّي نَوَيْتُ بِالصَّلَوٰةِ عَلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ امْتِثَالاً لِّأَمْرِكَ وَتَصْدِيقًا لِنَبِيِّكَ مُحَمَّدٍ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَمَحَبَّةً فِيهِ وَشَوْقًا إِلَيْهِ وَتَعْظِيمًا لِّقَدْرِهِ وَلِكَوْنِهِ أَهْلاً لِّذَلِكَ
О, Аллах! Сенин буйругуңа баш ийип, Пайгамбарың Мухаммадка (с.а.в.) ишенип, ага болгон сүйүүм, кусалыгым жана улуулугун даңктоо менен, ал буга татыктуу болгону үчүн ага салават айтууга ниет кылдым
فَتَقَبَّلْهَا مِنِّي بِفَضْلِكَ وَإِحْسَانِكَ وَأَزِلْ حِجَابَ الْغَفْلَةِ عَنْ قَلْبِي وَاجْعَلْنِي مِنْ عِبَادِكَ الصَّالِحِينَ.
Муну Өзүңдүн пазилетиң жана жакшылыгың менен менден кабыл ал, жүрөгүмдөн кайдыгерлик пардасын алып сал жана мени салих пенделериңдин катарына кош
اَللَّهُمَّ زِدْهُ شَرَفًا عَلَىٰ شَرَفِهِ الَّذِيٓ أَوْلَيْتَهُ. وَعِزًّا عَلَىٰ عِزِّهِ الَّذِيٓ أَعْطَيْتَهُ.
О, Аллах! Ага Өзүң берген атак-даңктын үстүнө дагы атак-даңк кош, Өзүң тартуулаган улуулуктун үстүнө дагы улуулук кош
وَنُورًا عَلَىٰ نُورِهِ الَّذِي مِنْهُ خَلَقْتَهُ وَأَعْلِ مَقَامَهُ فِي مَقَامَاتِ الْمُرْسَلِينَ. وَدَرَجَتَهُ فِي دَرَجَاتِ النَّبِيئِينَ.
Аны жараткан нуруңдун үстүнө дагы нур кош, анын макамын элчилердин макамдарынын арасында, ал эми даражасын пайгамбарлардын даражаларынын арасында бийик кыл
وَأَسْئَلُكَ رِضَاكَ وَرِضَاهُ يَا رَبَّ الْعَالَمِينَ. مَعَ الْعَافِيَةِ الدَّآئِمَةِ وَالْمَوْتِ عَلَى الْكِتَابِ وَالسُّنَّةِ وَالْجَمَاعَةِ وَكَلِمَتَيِ الشَّهَادَةِ عَلَىٰ تَحْقِيقِهَا مِنْ غَيْرِ تَبْدِيلٍ وَّلَا تَغْيِيرٍ.
О, ааламдардын Эгеси! Сенден Өзүңдүн жана анын ыраазычылыгын, туруктуу амандыкты, Китеп, сүннөт жана жамаат жолунда өлүмдү, ошондой эле эч бир өзгөртүүсүз чыныгы шахадат келимесин тилейм
وَاغْفِرْ لِي مَا ارْتَكَبْتُهُ بِفَضْلِكَ وَجُودِكَ وَكَرَمِكَ يَآ أَكْرَمَ الْأَكْرَمِينَ.
Кетирген күнөөлөрүмдү Өзүңдүн пазилетиң, жоомарттыгың жана берешендигиң менен кечир, о, берешендердин Эң Берешени!
وَصَلَّى اللَّهُ عَلَىٰ سَيِّدِنَا مُحَمَّدٍ خَاتَمِ النَّبِيِّينَ وَإِمَامِ الْمُرْسَلِينَ. وَعَلَىٰٓ ءَالِهِ وَصَحْبِهِ أَجْمَعِينَ. وَسَلَامٌ عَلَى الْمُرْسَلِينَ. وَالْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ.
Аллахтын салаваттары пайгамбарлардын мөөрү жана элчилердин имамы болгон кожоюнубуз Мухаммадка, анын үй-бүлөсүнө жана жалпы сахабаларына болсун. Бардык элчилерге салам жана ааламдардын Эгеси Аллахка мактоолор болсун!