عَلَى الْعَقِيقِ اجْتَمَعْنَا
Акыйкта чогулдук
Ky
عَلَى الْعَقِيقِ اجْتَمَعْنَا
نَحْنُ وَسُودُ الْعُيُونِ
Ал-Акык өрөөнүндө чогулдук биз,
биз жана ал капкара көздүүлөр
مَا ظَنِّ مَجْنُونَ لَيْلَى
قَدْ جُنَّ بَعْضَ الْجُنُونِ
Мажнундун Лейлиге болгон ашыктыгы эмне экен?
Ал бул жиндиликтин бир бөлүгүн гана тартыптыр
فَيَا عُيُوني عَيَوْنِي
وَيَا جُفُونِي جَفَوْنِي
О, менин көздөрүм, алар мени чарчатты,
о, менин кабактарым, алар мени таштап кетти
وَيَا قُلَيْبِي تَصَبَّرْ
عَلَى الَّذِي فَارَقُونِي
О, менин кичинекей жүрөгүм, сабыр кыл,
мени таштап кеткендердин айынан
فَارَقْتُهُمْ يَوْمَ الاِثْنَيْنِ
صُبْحَ الثَّلَاثَا وَاحِشُونِي
Алардан дүйшөмбү күнү ажырадым,
шейшемби таңында эле жалгызсырап калдым
هُمْ سَادَةٌ خَلَّفُونِي
أَبْكِي دَماً مِنْ عُيُونِي
Алар мени артта калтырган улуулар,
көзүмдөн кандуу жаш төгүп ыйлайм
بَكَيْتُ حَتَّى رَثَانِي
الْطَّيْرُ فَوْقَ الْغُصُونِ
Мен ушунчалык боздоп ыйладым, атүгүл
бутактардагы куштар мага боору ооруду
بِاللهِ إِنْ مُتُّ شَوْقاً
بِأَدْمُعِي غَسِّلُونِي
Аллах акы, эгер кусалыктан өлүп кетсем,
мени өз көз жашым менен жуугула
نُوحُوا عَلَيَّ وَقُولُوا
هَذَا قَتِيلُ العُيُونِ
Мага аза күтүп, минтип айткыла:
"Бул – тигил капкара көздөрдүн курмандыгы"
مَا زِلْتُ حَوْلَ الْمَطَايَا
أَقُولُ بِاللهِ احْمِلُونِي
Улоолордун айланасында дале айланып,
"Аллах үчүн, мени да ала кеткиле" деп жалындым
إِلَى مَنَازِلِ قَوْمِي
سَارُوا وَمَا وَدَّعُونِي
"Менин элимдин конуштарына жеткиргиле!"
Алар болсо коштошпостон кетип калышты
رُوحْ يَا رَسُولِي إِلَيْهِمْ
سِرْعاً وَقَبِّلْ يَدَيْهِمْ
Баргын, о менин элчим, аларга,
тезирээк жет да, колдорунан өпкүн
وَاقْرَأْ سَلَامِي عَلَيْهِمْ
لَعَلَّهُمْ يَقْبَلُونِي
Менин саламымды аларга айткын,
балким, алар мени кабыл алышар
جَانِي الْرَّسُول وَهُوَ يَضْحَكْ
وَقَالَ أَبْشِرْ بِصُلْحِكْ
Элчим мага күлүп келип:
"Сүйүнчү, силер жарашасыңар!" – деди
وَحَيَاةِ عَيْشِكَ وَمِلْحِكْ
هُمْ بِالوِصَالِ وَاعَدُونِي
"Ортодогу нан-туз акысы үчүн,
алар сени менен жолугууга убада беришти"