صَفَتِ النَّظْرَهْ
Назар тунуду
Ky
Ky
صَفَتِ النَّظْرَهْ طَابَتِ الْحَضْرَةْ
جَاءَتِ الْبُشْرَى لِأَهْل اللهِ
Көз караш тунуп, жыйын жагымдуу болду
Аллахтын элине куш кабар келди
قَامُوْا سُكَارَى لِذِي الْبِشَارَه
جَعْلَوْا عِمَارَهْ شُكْراً لِلّهِ
Сүйүнчү угуп, мас сымал турушту
Аллахка шүгүр деп, зикирге толушту
أَيُّهَا الْحَاضِرْ اُذْكُرْ وَذَاكِرْ
إِيَّاكَ تُنْكِرْ حَالَ أَهْلِ اللهِ
Эй, күбө болгон, эскер жана эске сал
Аллахтын элинин абалын тангандан сактан
فَسَلِّمْ لَهُمْ فِيمَا عَرَاهُمْ
وَاعْلَمْ أَنَّهُمْ غَابُوْا فِي اللهِ
Аларды каптаган абалга моюн сун
Алардын Аллахтын зикиринде кайып болгонун бил
فَالْوَجْدُ بِهِمْ دَاعِيْ يَدْعِيْهِمْ
يَطْرَأْ عَلَيْهِمْ فِيْ ذِكْرِ اللهِ
Анткени вежд (экстаз) — аларды чакырган жарчы
Аллахты эскергенде аларды чулгап алат
وَمَنْ لَمْ يَجِدْ فَلْيَتَوَاجَدْ
قَصْداً يَتَعَرَّضْ لِفَضْلِ اللهِ
Ким вежд таппаса, ага умтулсун
Ниет кылып, Аллахтын берешендигине өзүн сунсун
هَكَذَا قَالُوْا وَلِذَا مَالَوْا
وَلَقَدْ غَالُوْا فِي ذِكْرِ اللهِ
Ушинтип айтышты жана ошого ыргалышты
Аллахтын зикирине бүтүндөй берилишти
حَتَّى قَدْ ظَنَّا مَنْ لَيْسَ مِنَّا
أَنَّا جُنِنَّا بِذِكْرِاللهِ
Атүгүл бизден болбогондор ойлошту
Аллахтын зикиринен жинди болду деп
هَنِيْئاً لَنَا ثُمَّ بُشْرَانَا
إِنْ كَانَ لَنَا حُمْقٌ فِي اللهِ
Бизге кандай бакыт жана кандай сүйүнчү
Эгер «жиндилигибиз» Аллах үчүн болсо