هَذَا الْمَقَامُ الَّذِي لَاذَتْ بِهِ الْأُمَمُ
Бул — үмөттөр баш калкалаган макам.
Ky
هَذَا الْمَقَامُ الَّذِي لَاذَتْ بِهِ الْأُمَمُ
وَأَذْعَنَتْ لِعُلَاهُ الْعُرْبُ وَالْعَجَمُ
Бул — бүткүл элдер баш паана тапкан улуу макам
Анын улуулугуна араб да, араб эместер да баш ийген.
هَذَا مَقَامُ رَسُولِ اللَّهْ أَكْرَمُ مَنْ
جَاءَتْهُ مِنْ رَبِّهِ الْأَحْكَامُ وَالْحِكَمُ
Бул — Аллахтын Элчисинин макамы, ал эң кадырлуу зат
Раббисинен ага өкүмдөр менен даанышмандыктар келген.
هَذَا مُحَمَّدُ الْهَادِي الَّذِي مُحِيَتْ
عَنَّا بِنُورِ هُدَاهُ الْظُّلْمُ وَ الْظُّلَمُ
Бул — туура жолго баштоочу Мухаммед, ал аркылуу өчүрүлдү
Бизден анын хидаят нуру менен зулумдук жана караңгылыктар.
هَذَا الَّذِي قَدْ سَمَا فَوْقَ الْسَّمَا
إِلَى مَقَامِ عِزٍّ تَنَاهَتْ دُونَهُ الْأُمَمُ
Бул — асмандардын үстүнө чейин көтөрүлгөн зат
Башка элдер жете алгыс улуулук жана кадыр макамына.
يَا سَيِّدِي يَا رَسُولَ اللَّهْ يَا أَمَلِي
يَا مَنْ أَلُوذُ بِهِ إِنْ زَلَّتِ الْقَدَمُ
Оо, мырзам, оо, Аллахтын Элчиси, оо, менин үмүтүм
Оо, кадамым тайган кезде мен баш пааналаган затым.
بِكَ اهْتَدَيْتُ إِلَى الْإِيمَانِ فَاتَّصَلَتْ
بِذَاكَ عِنْدِي مِنْ أَفْضَالِكَ الْنِّعَمُ
Сиз аркылуу ыйман жолун таптым жана ошол себептүү
Сиздин пазилетиңизден мага жакшылыктар келип жетти.
صَلَّى عَلَيْكَ إِلَهُ الْخَلْقِ مَا سَجَعَتْ
وَرْقٌ وَمَا هَطَلَتْ مِنْ سُحْبِهَا دِيَمُ
Жаратуучу Сизге салават айтсын, качанга чейин көгүчкөн сайраса
Жана булуттардан тынбай жамгырлар төгүлүп турса.