لِغَيْرِ جَمَالِكُمْ نَظَرِي حَرَامُ
Сиздин сулуулугуңуздан башкага назарым арам.
Ky
لِغَيْرِ جَمَالِكُمْ نَظَرِي حَرَامُ
وَغَيْرُ كَلَامُكُمْ عِنْدِي كِلَامُ
Сиздин жамалыңыздан башкага кароом арам
Сиздин кеп-сөзүңүздөн башкасы мен үчүн кур сөз
وَعُمْرُ الْنَّسْرِ مِنْكُمْ بَعْضُ يَوْمٍ
وَسَاعَةُ غَيْرِكُمْ عَامٌ فَعَامُ
Сиздер менен бүркүттүн өмүрү — күндүн бир ирмеми
Башкалар менен өткөн бир саат — жылдарга созулган мезгил
وَصَبْرِي عَنْكُمُ شَيْءٌ مُحَالٌ
وَمَا لِي قَاتِلٌ إِلَّا الْفِطَامُ
Сиздерсиз сабыр кылуу — мүмкүн болбогон иш
Мени өлтүрө турган жалгыз нерсе — бул ажырашуу
إِذَا عَايَنْتُكُمْ زَالَتْ هُمُومِيْ
وَإِنْ غِبْتُمْ دَنَا مِنِّيْ الْحِمَامُ
Сиздерди көргөн кезде кайгыларым сейилет
Ал эми кайып болсоңор, мага ажал жакындайт
أَوَدُّ بِأَنْ أَكُونَ لَكُمْ جَلِيسًا
وَتُنْصَبَ لِي بِرَبْعِكُمُ خِيَامُ
Сиздер менен бирге отурууну эңсеймин
Конушуңуздарда мен үчүн чатырлар тигилсе деймин
فَدَاوُوا بِالْوِصَالِ مَرِيضَ هَجْرٍ
يَهِيمُ بِكُمْ إِذَا سَجَعَ الْحَمَامُ
Ажырашуудан сыздаган бейтапты табышуу менен айыктырыңыз
Көгүчкөн сайраган сайын ал сиздердин ашыгыңыз болот
حَدِيثُ غَرَامِهِ فِيكُمْ قَدِيمٌ
وَمَلْبَسُهُ مِنَ الْحُبِّ الْسِّقَامُ
Сиздерге болгон ашыктык баяны эбактан белгилүү
Сүйүүдөн кийген кийими болсо — оору-дарт
فَأَنْتُمْ فِي الْأُصُولِ أَجَلُّ أَصْلٍ
إِذَا شِئْتُمْ تَحَصَّلَ لِي الْمَرَامُ
Сиздер — негиздердин ичиндеги эң улуу негизсиздер
Кааласаңыз, менин максат-муратым ишке ашат
بِكُمْ صَعْبُ الْأُمُورِ يَعُودُ سَهْلًا
فَبِالْإِحْسَانِ جُودُوا يَا كِرَامُ
Сиздер менен оор иштер жеңилге айланат
Эй, асылзаттар, жакшылыгыңарды тартуулаңыздар
وَلَيْسَ سِوَاكُمُ لِلْجُودِ أَهْلًا
فَكَيْفَ نَزِيلُ سُوحِكُمُ يُضَامُ
Сиздерден башка жоомарттыкка татыктуу ким бар?
Сиздердин төрүңүздөгү конок кантип эле кордук көрсүн?